Бүгүн Улуттук кардиология борборунда ачык эшик күнү өтөт

Бишкектеги Улуттук кардиология жана терапия борборунун базасында бүгүн «Ар бир жүрөк маанилүү» урааны астында ачык эшик күнү өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, шаар тургундары саат 10:00дөн 15:30га чейин келип, дарыгерлердин көзөлөмүнөн өтө алат.

 

Иш-чара жыл сайын 29-сентябрда белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнө арналган.

 

Сурап-билүү телефону: 0507005470 — Эркебуланова Бактыгүл Шаршеевна.