Бишкекте КМШ уюмуна мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын саммити өтөт

Бишкекте КМШ уюмуна мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын саммити өтөт. Буга байланыштуу Чүй облусу жана Бишкек шаарында 12-13-октябрь күндөрү айрым жолдор жабылат деп билдиришти Ички иштер министрлигинен.

 

Чектөө «Манас» аэропортунан Фучик көчөсүнө чейин, Чүй проспектисинде, Манас жана Айтматов проспектисинен мамлекеттик резиденцияга чейин, Садырбаев көчөсүнөн «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине чейин, Бишкек-Кант айланма жолуна киргизилет.

 

Бул жолдордо делегациялар өткөн убакта башка автоунаалардын жүрүүсүнө жол берилбейт.