Азия оюндарында Токтомамбетов менен Лазарев коло байге алды

Кытайдын Ханчжоу шаарындагы XIX Азия оюндарында кыргызстандык эркин күрөш балбандары Орозбек Токтомамбетов менен Айаал Лазарев коло байгеге ээ болушту.

 

Орозбек Токтомамбетов 3-орун үчүн таймашта тажикстандык Магомет Евлоевди 4:2 эсебинде жеңди. Ал эми Айаал Лазарев коло үчүн беттеште өзбекстандык Хасанбой Рахимовду утту.

 

Азия оюндарында Кыргызстан уткан медалдардын саны он бешке жетти. Тагыраагы, төрт алтын, эки күмүш жана тогуз коло байге менен командалык эсепте биздин өлкө 18-орунда.