Кытайдын Ханчжоу шаарында өткөн XIX Азия оюндарында Кыргызстандын улуттук курама командасы 18-орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Аталган оюндарда Кыргызстан уткан медалдардын саны он бешке жетти. Тагыраагы, төрт алтын, эки күмүш жана тогуз коло байге жеңди.