Кочкор районунда жаңы мектеп пайда болот

Кочкор районунда жаңы мектеп пайда болот. Бул тууралуу президенттин облус аймагындагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Имарат 275 окуучуга чакталып, Кара-Тоо айылында жайгашат.

 

Социалдык объект жыл аягына чейин курулуп бүтөт деп пландалууда. Учурда объекттеги иштер дээрлик 90 пайызга аяктап калды. Курулушка 65 миллион сом республикалык бюджеттен бөлүнгөн.