Кыргызстанда бир катар айылдардын аталышын өзгөртүү сунушталууда. Мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Ага ылайык, Аксы районундагы Таштак айылын Малкалды деп, Нарын районунун Жерге-Тал айыл аймагын Дайракунов деп, Айтматов районунун Куру-Маймак айылын Сатыкей деп, Таластагы Новодонецкини Айтматов, Покровка айылын Семетей, Таластагы Козучак айылын Жонкороз-Олуя, Кеминдеги Новомихайловка айылын Бообек, Ысык-Көлдөгү Теплоключенка айылын Ак-Суу, Жети-Өгүздөгү Ичке-Булуң айылын Коңурат айылы деп өзгөртүү сунушталды.
Бийлик муну менен улуттук идеологияны чыңдоону көздөөдө.