АКШда катасы бар почта маркасы аукциондо сатылды. Лот рекорддук делген 2 миллион долларга кетти. Аны 76 жаштагы коллекционер Чарльз Хак сатып алды. 1918-жылкы марканын бетинде почта бипланы чагылдырылган.
Аны басып чыгарууда типографиялык ката кетирилген. Ал аныкталганга чейин 100 марка чыгарылып калган.
Учурунда 24 центтен сатылган маркаларды эми сүйүүчүлөр миллиондогон долларга сатып алышууда.