Бишкектен түштүк аймактарга бүгүн аткарыла турган аба каттамдар токтотулду

Бишкектен түштүк аймактарга бүгүн аткарыла турган аба каттамдар токтотулду. “Манас” эл аралык аэропортунун басма-сөз кызматынан билдиришкендей, Баткен жана Разаков шаарларына рейстер такыр жокко чыгарылса, Жалал-Абадга жөнөй турган учактардын убактысы жылдырылды.

 

Себеби – аба-ырайынын начар шарттары жана катуу шамал. Компаниядан белгилешкендей, күтүүгө аргасыз болгон жүргүнчүлөр тамак-аш менен камсыздалды.