Япониялык компания Кыргызстанда гравитациялык генераторлорду орнотот

Япониялык компания Кыргызстанда гравитациялык генераторлорду орнотуу боюнча пилоттук долбоор баштайт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

 

Малыматка ылайык, Садыр Жапаров Японияга расмий сапарынын алкагында Токиодо ишкананын өкүлдөрү менен жолугушту. Белгиленгендей, компания Кыргызстандагы электр энергиясынын альтернативдүү булактары боюнча маселелерди чечүүгө салым кошууга ниеттенүүдө.