Кыргыз-казак чек арасындагы түйүндөр штаттык режимде иштеп жатат

Кыргыз-казак чек арасындагы бардык өткөрүү түйүндөрү штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу Novosti.kgге Чек ара кызматынын өкүлү Сажира Чоколоева билдирди.

 

Эске салсак, буга чейин “Чалдыбар” жана “Ак жол” өткөрмө бекеттери убактылуу жабылган. Мунун себеби тышкы миграцияны каттоо боюнча бирдиктүү системаны жаңылоого байланыштуу экени кабарланган.

 

Ага ылайык, пункт аркылуу жарандар, транспорт жана жүк өткөрүлгөн эмес.