Өзгөн районунда жаңы бала бакча пайда болот

Өзгөн районунда жаңы бала бакча пайда болот. Ош облустук капиталдык курулушу башкармалыгы тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, курулушка 46,6 миллион сом жумшалат.   60 орундуу бала бакча кийинки жылдын аягына чейин пайдаланууга берилиши тийиш.

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрүү түйүнүндө кайрадан жүк ташуучу унаалардын топтолуусу катталууда

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрүү түйүнүндө кайрадан жүк ташуучу унаалардын топтолуусу катталууда. УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, учурга карата пунктта 500дөй жүк ташуучу машина кезекте турат.   Ведомстводон белгилешкендей, эки өлкөнүн чек ара кызматтары тарабынан чектөөлөр киргизилген эмес, кезек сезондук көрүнүш болуп, айыл чарба продукциясын… Кененирээк…

Экономика министринин төрт орун басары кызматтан бошотулду

Чыңгыз Макешов экономика жана коммерция министринин орун басары кызмат ордунан бошотулду. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.   Мындан тышкары, экономика министринин үч орун басары Назарбек Малаев, Кубанычбек Закенаев, Канатбек Абдрахманов кызмат ордунан бошотулганын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.   Буга чейин экономика министринин алты… Кененирээк…

Америкалык Amazon порталында кароолчу-роботтор сатылып баштады

Америкалык Amazon порталында кароолчу-роботтор сатылып баштады.   Андроид чоң дөңгөлөктөр менен жылып, планшет жана камера менен камсыздалган. Робот кеңселерди жана сактоочу кампаларды кайтаруу максатында өндүрүлдү.   Ал чоочун адамдарды байкаса дароо сигнал берип, кошумча күзөттү чакырат.

Ошто Ак-Буура дарыясынын айланасын көрктөндүрүү боюнча иштер уланууда

Ошто Ак-Буура дарыясынын айланасын көрктөндүрүү боюнча иштер уланууда. Мэриядан билдиришкендей, жумуштар Тилеке Баатыр көчөсүнүн Нурматов-Навои көчөлөрүн камтыган тилкесинде жүрүп жатат.   Бул участокто шаар тургундары үчүн эс алуу аймагы түзүлүп, 14 тапчан жана кичи аралдар пайда болот. Ошондой эле жарык системасы орнотулуп, тротуар салынат. Иштер… Кененирээк…

Ысык-Көлдө жана Сон-Көлдө балык улоого 3 жылга тыюу салынды

Ысык-Көлдө жана Сон-Көлдө балык улоого 3 жылга тыюу салынды. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы кол койду. Мындай чечим балык чарбачылыгында запасты сактап калуу жана аны көбөйтүү максатында кабыл алынды.   Ички иштер министрлигине аталган көлдөрдө мыйзамсыз балык кармоону алдын алуу боюнча иштерге көмөктөшүү тапшырмасы берилди.

WhatsApp мессенджеринде кезектеги жаңы функция

WhatsApp мессенджеринде кезектеги жаңы функция. Эми анда виртуалдык жардамчылар менен чаттар пайда болду. Алар жасалма интеллекттин базасында иштейт.   Мындай жардамчылар колдонуучуларга күнүмдүк жашоодо жаралуучу маселелерде кеп-кеңеш бере алат. Азырынча функция сыноодон өтүп, жалпы колдонуучуларга жеткиликтүү боло элек.

Кыргыз-казак чек арасындагы “Чалдыбар” өткөрүү түйүнү убактылуу жабылат

Кыргыз-казак чек арасындагы “Чалдыбар” өткөрүү түйүнү убактылуу жабылат. УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, Тышкы миграцияны каттоо бирдиктүү системасын жаңылоого байланыштуу алдыдагы бир саатта пункт аркылуу жарандар, транспорт жана жүк өткөрүлбөйт.   Пункт жаңылоодон кийин штаттык режимде ишин улантат.

Бишкекте өткөн айда орточо айлык 435 долларга же 38 миң 814 сомго теңелди

Бишкекте өткөн айда орточо айлык 435 долларга же 38 миң 814 сомго теңелди.   Октябрь айына карата маалыматты Улуттук статистика комитети таратты. Казакстандын борбору Астанада орточо маяна 948 доллар болсо, Минск шаарында 799 доллар, ал эми Москвада 1 миң 275 долларды түзөт.   Салыштыра турган… Кененирээк…

Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун 15 жаштагы уулу 1,5 айда    9 медаль менен сыйланды

Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун 15 жаштагы уулу 1,5 айда    9 медаль менен сыйланды. Адам Кадыровго берилген сыйлыктардын арасында “Россиянын эмгек кайратманы” медалы, Татарстандын “Достук” ордени, “Чеченстандын баатыры» деген наам бар.   Эске салсак, 5-ноябрда 15 жаштагы Кадыров республиканын жетекчисинин коопсуздугун камсыздоо кызматына бөлүм башчы… Кененирээк…