Республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жаралды

Республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жаралды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жаан-чачындуу аба-ырайына байланыштуу 21-ноябрга чейин тоолуу аймактарда, Каракол–Эңилчек унаа жолунун 74-86-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүcү күтүлөт.   Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метрлик аралыкты сактоо сунушталат.

Бишкектеги №1 Шаардык клиникалык ооруканасында 40 орундуу эндокринология бөлүмүнүн имараты капиталдык оңдоодон кийин ачылды

Бишкектеги №1 Шаардык клиникалык ооруканасында 40 орундуу эндокринология бөлүмүнүн имараты капиталдык оңдоодон кийин ачылды.   Медициналык жайдын башкы дарыгери Акылбек Мусаев бул бөлүмдүн имаратында курулгандан бери капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлбөгөндүгүн белгиледи.   Калыбына келтирүү жумуштары шаардын эсебинен, Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан 12 миллион сомдон ашык… Кененирээк…

Мыктыбек Оролбай уулу UFC уюмундагы биринчи беттешин жеңди

Кыргызстандык мушкер Мыктыбек Оролбай уулу UFC уюмундагы дебюттук беттешинде сербиялык Урош Медичти утту. Беттеш 19-ноябрга караган түнү АКШнын Лас-Вегас шаарында болду.   Мыктыбек Оролбай уулу 77 кг салмакта күч сынашып, кармаштын экинчи раундунда каршылашын муунтуу ыкмасы менен жеңип алды. UFC Fight Night 232 турниринде башта… Кененирээк…

Айыл чарба министри кийинки жылы эмне эгүү керектигин айтты

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков журналисттерге маек берип жатып 2024-жылы жазында фермерлер менен дыйкандар кайсы өсүмдүктөрдү айдаса пайда табарын айтты. Анын пикиринде келерки жылы фермер, дыйкандар быйыл баасы килограммы 200 сомдон түшпөгөн карагатты, жогорку түшүмдүүлүгү менен айырмаланган «Италия» сортундагы кулпунайды, чакан жерден көп түшүм алууга… Кененирээк…

Бишкекте 26 косметологиялык жай лицензиясы жок иштеп жатканы белгилүү болду

Бишкекте 26 косметологиялык жай лицензиясы жок иштеп жатканы белгилүү болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.   Атайын комиссия 16-17-ноябрда косметологиялык процедураларды жүргүзгөн салон жана кабинеттерди текшерген. Жыйынтыгында 26 мекеме тиешелүү документтери жок эле медициналык операцияларды жасап жүргөнү белгилүү болуп, аларга 84 миң… Кененирээк…

Ошто муниципалдык асфальт-бетон жана таш майдалоочу завод куруу пландалууда

Ошто муниципалдык асфальт-бетон жана таш майдалоочу завод куруу пландалууда. Түштүк калаа мэриясынын маалыматына караганда, бул шаардагы жолдорду аз убакытта салуу жана оңдоого шарт түзөт.   Оштун мэри Бакытбек Жетигенов Озгур айылында курула турган заводдун жерин көрүп чыгып, тиешелүү кызматтардын жетекчилерине даярдык иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмаларды… Кененирээк…