Түштүк Корея иттин этин жегенден баш тартат

Түштүк Корея иттин этин жегенден баш тартат. Мындай мыйзам бир жылдын ичинде кабыл алынышы күтүлүүдө.

 

Мунун себеби катары саясатчылар корейлердин арасында үй жаныбарларынын көбөйүшүн, ошондой эле мындай көрүнүш өлкөнүн аброюна доо кетирип жатканын айтышты.

 

Документте иттерди союуга жана этин сатууга тыюу салуу каралган. Иттер мал категориясынан да чыгарылат.

 

Жаныбарлардын укугун коргоочулар бул демилгени кош колдоп кабыл алышты. Алар көптөн бери иттин этин жегенге каршы үгүттөп келишкен.