Бишкек-Ош жолунда эки Rest Point жайы ачылды

Бишкек-Ош жолунда эки жаңы Rest Point жайы ачылды. Туризмди өнүктүрүү фондунан билдиришкендей, алардын бири Жалал-Абад шаарында, экинчиси Кара-Көл шаарынын кире беришинде жайгашкан.

 

Rest Pointте туристтер эс алып, гаджеттерин кубаттап, чай же кофе ичип, тамак жеп, душка түшө алышат. Жакында бул жерде электромобилдерди заряддоочу станциялар да пайда болот.

 

Эс алуу пункттары жыл бою иштейт. Анда жылуулук, ысык суу жана канализация бар.