Эртең Бишкекте 2026-жылы өтүүчү футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо оюну болот. Талаада Кыргызстан менен Оман курама командалары күч сынышат.
Оюнчулар беттешке балдардын, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелгендердин коштоосунда чыгат. Мындай акция бүгүн, 20-ноябрда белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнө арналган.