Мигранттар Кыргызстанга 174 миллион доллар которду

Мигранттар Кыргызстанга 174 миллион доллар которду. Ушул жылдын сентябрь айына маалымат менен Улуттук банк бөлүштү.

 

Каражаттын көбү Россиядан келет. Жеке адамдар АКШдан жана КМШнын башка өлкөлөрүнөн да акча которушат.

 

Былтыркы жылдын сентябрь айына салыштырмалуу агым 40 пайызга азайган. Ошол учурда акча которуу системалары аркылуу өлкөгө дээрлик 292 миллион доллар келген.