ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу үчүн 700дөн ашык адам ЖРТ тапшырат. Бул тууралуу Билим берүүнү жана окутуунун усулдарын баалоо борборунун директору Чынара Батракеева билдирди. Анын айтымында, катышуучулардын акыркы саны 24-ноябрда өтө турган кошумча каттоодон кийин белгилүү болот.
Эске салсак, сынак 24-30-ноябрь аралыгында болот. ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу контракттык негизде гана жүргүзүлөт.