Кыргызстандын башкы унаа жолдору кыймылга ачык

Кыргызстандын башкы унаа жолдору кыймылга ачык. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, аба ырайына байланыштуу бардык ашууларда жолчулар тарабынан күзөт уюштурулган.   Трассаларда эч кандай чектөө жок. Бирок сапарга чыга турган айдоочуларга жол эрежесин так сактоо сунушталат.

Бишкекте №107 маршрутканын ордуна автобустар каттай баштады

Бишкекте №107 маршрутканын ордуна автобустар каттай баштады. Муниципалитеттен билдиришкендей, линияда 15 автобус бар.   Транспорт Арча-Бешик конушунан Ак-Босогого чейин жүрөт. Эске салсак, буга чейин ордо калаада №103 маршрутканын ордуна автобустар каттай баштаган.

Франциянын өкмөт мүчөлөрүнө WhatsApp, Telegram жана Signal колдонууга тыюу салынды

Франциянын өкмөт мүчөлөрүнө киберкоопсуздуктан улам WhatsApp, Telegram жана Signal колдонууга тыюу салынды. Мындай билдирүүнү өлкөнүн премьер-министри Элизабет Борн жасады.   Эл өкүлдөрүнө Францияга тиешелүү Olvid тиркемесин орнотуу сунушталды.   Маалыматтык системалардын коопсуздук боюнча улуттук агенттигинин текшерүүсүнөн өтпөй калган бардык мессенджерлерди 8-декабрга чейин өчүрүү буйругу берилди.

Кыргызстандыктар жаңы жылда жети күн катары менен эс алышы мүмкүн

Кыргызстандыктар 2024-жылдын 1-январынан 7сине чейин эс алышы мүмкүн. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тиешелүү мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду.   Бул документ 5 күндүк иш графиги менен иштеген мамлекеттик жана муниципалдык органдарга тиешелүү.   Ошондой эле келаткан жылдын 21-мартынан 24нө жана 1нен 5-майына чейин… Кененирээк…

Ноокенде 700 орундуу мектеп капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө

Ноокенде 700 орундуу мектеп капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Маалыматка ылайык, ремонтко каражат райондун өнүктүрүү фонду жана жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.

Бишкектеги Келечек конушу жарыктандырылды

«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы тышкы жарыктандыруу тармактарын реконструкциялоодо. Муниципалитеттен билдиришкендей, бул жолу Келечек конушундагы Элебесов көчөсүндө иштер жүргүзүлүүдө.   Аталган көчөдө кубаттуулугу 50 жана 100 Ватт 37 светодиоддук чырак жана ошончо кронштейн орнотулду. Ошондой эле 1 миң 320 метр өзүн-өзү көтөрүүчү изоляцияланган зым (СИП) тартылды.

Кара-Суу районунда эки спорттук аянтча ачылды

Кара-Суу районунда эки спорттук аянтча ачылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Маалыматка ылайык, алардын бири Ынтымак айылында, экинчиси Октябрь айылында жайгашкан.   Курулуш республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды.

Баткендин Самаркандек айылында жаңы оорукана курулду

Баткендин Самаркандек айылында жаңы оорукана курулду. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   75 орунга ылайыкташкан оорукананын курулушу толугу менен президенттин фондунан каржыланып, 100 млн сомдон ашык жумшалды.   Анын алкагында чек арада жайгашкан айылдын социалдык көйгөйү жеңилдейт деп күтүлүүдө.

Бишкекте башаламан токтотулган унаалар массалык түрдө эвакуацияланууда

Бишкекте башаламан токтотулган унаалар массалык түрдө эвакуацияланууда.   Муниципалитеттен билдиришкендей, машинелерди туура эмес токтотуу ордо калаадагы жол тыгындарынын себептеринин бири. Буга байланыштуу төрт райондо тең рейд жүрүүдө.   Бул багыттагы иштер туруктуу негизде улантылат.

Ош шаарында мыйзамсыз курулуштарга каршы күрөш күчөтүлөт

Ош шаарында мыйзамсыз курулуштарга каршы күрөш күчөтүлөт. Бул тууралуу жергиликтүү мэриядан билдиришти.   Белгиленгендей, азыркы тапта калаадагы мыйзамсыз курулуштарды иретке келтирүү боюнча иштер жүрүп жатат. Өзүм билемдикке жол бербөө бийликтин, көзөмөл жана укук коргоо органдарынын негизги жумуштарынын бири, — деп айтылат маалыматта.