Бишкектеги Келечек конушу жарыктандырылды

«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы тышкы жарыктандыруу тармактарын реконструкциялоодо. Муниципалитеттен билдиришкендей, бул жолу Келечек конушундагы Элебесов көчөсүндө иштер жүргүзүлүүдө.

 

Аталган көчөдө кубаттуулугу 50 жана 100 Ватт 37 светодиоддук чырак жана ошончо кронштейн орнотулду. Ошондой эле 1 миң 320 метр өзүн-өзү көтөрүүчү изоляцияланган зым (СИП) тартылды.