Бишкекте башаламан токтотулган унаалар массалык түрдө эвакуацияланууда

Бишкекте башаламан токтотулган унаалар массалык түрдө эвакуацияланууда.

 

Муниципалитеттен билдиришкендей, машинелерди туура эмес токтотуу ордо калаадагы жол тыгындарынын себептеринин бири. Буга байланыштуу төрт райондо тең рейд жүрүүдө.

 

Бул багыттагы иштер туруктуу негизде улантылат.