Кара-Суу районунда эки спорттук аянтча ачылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, алардын бири Ынтымак айылында, экинчиси Октябрь айылында жайгашкан.
Курулуш республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды.