Франциянын өкмөт мүчөлөрүнө киберкоопсуздуктан улам WhatsApp, Telegram жана Signal колдонууга тыюу салынды. Мындай билдирүүнү өлкөнүн премьер-министри Элизабет Борн жасады.
Эл өкүлдөрүнө Францияга тиешелүү Olvid тиркемесин орнотуу сунушталды.
Маалыматтык системалардын коопсуздук боюнча улуттук агенттигинин текшерүүсүнөн өтпөй калган бардык мессенджерлерди 8-декабрга чейин өчүрүү буйругу берилди.