Баткендин Самаркандек айылында жаңы оорукана курулду

Баткендин Самаркандек айылында жаңы оорукана курулду. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

 

75 орунга ылайыкташкан оорукананын курулушу толугу менен президенттин фондунан каржыланып, 100 млн сомдон ашык жумшалды.

 

Анын алкагында чек арада жайгашкан айылдын социалдык көйгөйү жеңилдейт деп күтүлүүдө.