Дубайда климат боюнча дүйнөлүк саммит башталды. Форумга дүйнө лидерлери жана 200гө жакын мамлекеттин өкүлдөрү катышат. Жалпысынан дээрлик 70 миң делегат бар.
Катышуучуларга климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча иш-аракеттер планын иштеп чыгуу үчүн 12 күн берилет.
Саммит өлкөлөр климат боюнча пландарын амбициялуу иш-аракеттерге айландырган бурулушка түрткү болот деп күтүлүүдө.