Кыргызстандын курама командасы дүйнөлүк рейтингде бир позицияга төмөндөдү

Кыргызстандын курама командасы дүйнөлүк рейтингде бир позицияга төмөндөдү. Кыргыз футбол союзунан билдиришкендей, учурда биздин өлкө 211 мамлекеттин ичинен 98-орунда.

 

Рейтингди ФИФА жарыялады.

 

Ал эми Азия футбол конфедерациясында Кыргызстандын курамасы бир сапка көтөрүлүп, 46 өлкө ичинен 16-сапта жайгашты.