Кыргызстанда деградация болгон 10 миң га жайыт калыбына келтирилди

Кыргызстанда деградация болгон 10 миң га жайыт калыбына келтирилди. Муну менен пландалган иштер республика боюнча 100 пайыз аткарылып бүттү, — деп билдиришти Айыл чарба министрлигинен.

 

Кунарсыз жайыттарды жакшыртуу максатында Россиядан 99 тонна 500 кг жайыт үрөнү сатып алынган. Техника бара албаган жайыттарга тиешелүү адистер үрөндү кол менен чачып, түзүлгөн графикке ылайык мындай иштер күнүнө уланган.