Кыргызстанда калкка акысыз юридикалык жардам көрсөтүү декадасы башталат

Бүгүн Кыргызстанда калкка акысыз юридикалык жардам көрсөтүү декадасы башталат. Юстиция министрлиги билдиргендей, 10-декабрга чейин адистер республика боюнча иш алып барышат.

 

Жарандар пенсия, жөлөкпул, паспорт алуу, жер тилкеси жана башка маселелер боюнча кеңеш ала алышат.

 

Юридикалык жардам берүү пунктарынын даректерин novosti.kg сайтынан билсе болот.