Кыргызстандыктар туулгандыгы жана өлгөндүгү тууралуу күбөлүктөрдү электрондук арыз аркылуу ала алышат. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, республика боюнча пилоттук долбоор кайра жанданды.
Маалым болгондой, мындай чечим суроо-талаптын көптүгүнөн кабыл алынган.
Эске салсак, буга чейин төрөлүү жана өлүмдү мамлекеттик каттоого электрондук арыздарды берүү боюнча пилоттук долбоор Бишкек жана Чүйдүн Аламүдүн районунда ишке ашкан.