ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу боюнча ЖРТнын жыйынтыгы жакында чыгат

ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу боюнча ЖРТнын жыйынтыгы аптанын аягында белгилүү болот. Бул тууралуу Novosti.kgге Билим берүүнү жана окутуунун усулдарын баалоо борборунун директору Чынара Батракеева билдирди. Анын айтымында, тестирлөөнүн катышуучуларына сертификаттар 7-8-декабрда тапшырылат.

 

Жалпысынан ноябрь айынын аягында жалпы республикалык тестирлөөдөн 902 адам өттү.

 

ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу келишимдик негизде гана абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу үчүн жүргүзүлдү.