Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандар дагы эле көбөйүүдө

Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандар дагы эле көбөйүүдө. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, 28-ноябрдан бери дарыгерге кайрылгандар бир апта ичинде 5 миң 737 адам болду. Бул ага чейинки аптага салыштырмалуу 687ге көп.

 

Ооругандардын 67 пайызы 14 жашка чейинки курактагы балдар экени белгиленди.