Сүйүнбек Касмамбетов тууну өзгөртүү тууралуу пикирин айтты

Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов тууну өзгөртүү тууралуу пикирин айтты. Социалдык тармактардагы баракчасында ал өлкө кайра жаралуу маалында бийликтегилер жаңыланган желекке ээ болууну каалап жатканын белгиледи.

 

Бирок коомдук талкуу азыркы туу элдин аң-сезимине, жүрөгүнө сиңип калганын көрсөтүүдө деген мамлекеттик катчы Жогорку Кеңештин депутаттары эл мүдөөсүн эске алуу менен иш алып барат деген ишенимин билдирди.