Өзгөндө 150 орундуу мектептин курулушу аяктады

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Салам-Алик айыл өкмөтүндөгү мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.

 

150 орунга ылайыкташкан объектти салуу 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Учурда окуу корпусунун, спорттук зал жана өтмөк галереясынын курулуш жумуштары 100% аткарылды.