«Аманат» улуттук холдингин түзүү жөнүндөгү жарлык күчүн жоготту

«Аманат» улуттук холдингин түзүү жөнүндөгү жарлык күчүн жоготту. Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, документке Садыр Жапаров кол койду.

 

Бул жарлыкта “мамлекеттик үлүшү бар чарбакер коомдорду натыйжалуу башкаруу” максатында Министрлер кабинетине «Аманат» улуттук холдингин түзүү тапшырмасы берилген. Ага 16 ири компания кирери, уставдык капиталы 100 миллион сом болору айтылган.