Садыр Жапаровдун Бириккен Араб Эмирлигине болгон иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун 30-ноябрдан 3-декабрга чейин Бириккен Араб Эмирлигине (БАЭ) болгон иш сапары аяктаганын маалымат кызматынан билдиришти. Сапардын биринчи күнүндө мамлекет башчы Дубайда БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухейль аль-Мазруи менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Тараптар соода-экономикалык, инвестициялык жана энергетикалык тармактарда кызматташууну активдештирүү маселелерин талкуулашты. 1-декабрда Садыр… Кененирээк…

Бишкекте быйыл жаңы жылдык салют атылбайт

Бишкекте быйыл жаңы жылдык салют атылбайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.  Тиешелүү сунуш алгач Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен келип түшкөн.   Ордо калаанын экологиялык абалын эске алуу менен жаңы жылдык салюттан баш тартуу чечими кабыл алынды. Эске салсак, 2023-жылды тосууда  майрамдык салютка 750… Кененирээк…

Чет элдик компаниялар менен Токтогул ГЭСинен 3 эсе чоң станция куруу макулдашылды

Чет элдик компаниялар менен Токтогул ГЭСинен 3 эсе чоң станция куруу макулдашылды. Франциянын жана Бириккен Араб Эмирликтеринин энергетикалык компаниялары Кыргызстанга жалпы кубатуулугу 3,6 гигаватт станцияларды курууга даяр.   Бул тууралуу Энергетика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.   Маалыматка ылайык, Дубайда өткөн Климат боюнча дүйнөлүк саммиттин алкагында… Кененирээк…

Бишкек шаарынын таштанды полигонуна 850 көчөт тигилди

Бишкек шаардык мэриясы таштанды полигонун жашылдандыруу иш-чарасынын алкагында 850 көчөт тигилгенин билдирди. Бара-бара бул жер токойго айланарын, тамчылатып сугаруу ыкмасы колдонуларын маалымдады.   “Натыйжада 2,3 гектар жерде токой тилкеси пайда болот. Бул багыттагы иштер улантылат. Көчөттөр санитардык полигондун көпчүлүк бөлүгүнө отургузулат. Ошондой эле тамчылатып сугаруу… Кененирээк…