Хайитхон Хусан кызы парадзюдо боюнча эл аралык мелдеште алтын тагынды

Кыргызстандын парадзюдо боюнча курама командасынын мүчөсү Хайитхон Хусан кызы Японияда өтүп жаткан эл аралык мелдеште алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

 

Спортчу 48 килограммга чейинки салмак ченинде чейрек финалда монголиялык Токтобаяр Сувд Эрденени, жарым финалда аргентиналык спортчу Ледесма Дуре Рокиону утту. Ал эми финалдык беттеште япониялык Хангаи Шизукини жеңип, 1-орунду ээледи.