Айыл чарба министрлиги өзгөрөт

Айыл чарба министрлиги Суу ресурстары жана айыл чарба министрлиги болуп өзгөрөт. Бул тууралуу министр Аскарбек Жаныбеков парламенттин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.

 

Ал жарлыктын долбоору даяр болуп калганын айтты. Чиновник Суу кодексинин долбоору да даярдалып, Министрлер кабинетине киргизилгенин кошумчалады.