Кыргызстанда энергетикалык суусундуктарга тыюу салынышы мүмкүн

Кыргызстанда энергетикалык суусундуктарды ташып келүү жана өндүрүүгө тыюу салынышы мүмкүн. Тиешелүү документти Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитети биринчи окууда жактырды.   Белгиленгендей, мыйзам долбоору жарандардын ден соолугун коргоого, энергетикалык суусундуктарды керектөөнүн кесепеттеринен келип чыккан ооруларды кыскартууга багытталган.

Ысык-Көл облусунун Түп районунда жаңы мектеп курула баштады

Ысык-Көл облусунун Түп районунда жаңы мектеп курула баштады. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, имарат 150 орунга ылайыкташкан.   Объект кийинки жылы колдонууга берилери күтүлүүдө.   Белгилеп кетсек, Миң-Булак айылындагы эски мектеп 1986-жылы бала-бакчага ылайыкталып курулган имаратта жайгашкан

2024-жылкы Европа чемпионатынын негизги фаворити аныкталды

2024-жылкы Европа чемпионатынын негизги фаворити аныкталды. Goal.com интернет-порталынын маалыматына караганда, Франция курама командасы тизмеде биринчи орунда турат. Рейтингдин түзүүчүлөрү экинчи орунду Португалияга беришти. Англия үчүнчү орунду ээлейт.   Италиялыктар, башкача айтканда, Европанын учурдагы чемпиондору 11-орунда.   Рейтинг 2-декабрда өткөн тайпалык баскычтын чүчү кулак кармоону эске… Кененирээк…

Кыргызстанда жыл башынан бери 650 чакырымдан ашык жол асфальтталды

Кыргызстанда жыл башынан бери 650 чакырымдан ашык жол асфальтталды. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, бул 2022-жылга салыштырмалуу дээрлик бир жарым эсеге көп.   Жолдорду оңдоо инвестициялык долбоорлордун жана бюджеттик каражаттардын эсебинен жүргүзүлгөн.   Мындан тышкары, Нарын шаарынын ички көчөлөрү, ошондой эле Нарын, Казарман, Талас, Жалал-Абад… Кененирээк…

Кыргызстанга көмүр жеткирүү дээрлик эки эсеге кыскарды

Кыргызстанга көмүр жеткирүү дээрлик эки эсеге кыскарды. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, ушул жылдын январь айынан сентябрга чейин өлкөгө 469,5 миң тонна кара отун ташылып келинген. Ошол эле учурда, 2022-жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 820 миң тоннадан ашкан.   Импорттун эмне себептен азайганы айтылган жок.… Кененирээк…

Кыргызстан төрт шаарды ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн насыя алышы мүмкүн

Кыргызстан төрт шаарды ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн насыя алышы мүмкүн. Кеп Кадамжай, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак жана Айдаркен тууралуу болуп жатат. Бул үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы 8 миллион евро, Атайын акционердик фонд 8 миллион берсе, техникалык кызматташтык гранты 2,5 миллион евродон ашат деп күтүлүүдө.… Кененирээк…

Кыргызстанда 70 миңден ашык адам жумушсуз деп каттоодо турат

Кыргызстанда 70 миңден ашык адам жумушсуз деп каттоодо турат. Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, 70 миң 479 адамдын 43,8 пайызы аялдар. Расмий эсепте жумушсуздуктун деңгээли эмгекке жарамдуу элдин санынын  2,6 пайызын түзөт.   Баткенде 14 миң адам, Жалал-Абадда 18 миң, Ош облусунда  17 миң, Чүйдө 4… Кененирээк…

Кыргызстандыктар айрым документтерди алуу үчүн аралыктан электрондук арыз бере алат

Кыргызстандын бүткүл аймагында Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу туулгандыгын жана өлгөндүгүн мамлекеттик каттоого электрондук арыздарды берүү боюнча пилоттук долбоор башталат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.   Тескемеге ылайык, Санариптик өнүктүрүү министрлиги Саламаттык… Кененирээк…

Кыргызстандык Амантур Жумаев бокс боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандык Амантур Жумаев бокс боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиону болду. Аталган спорт түрүнүн федерациясынан билдиришкендей, биринчилик Ереванда өттү. Жумаев Өзбекстан, Германия, Россия жана Польшадан келген атаандаштарын багындырды.   Ал эми финалда армениялык мушкерди жеңип, алтын медалга ээ болду.

Бишкекте №102 жана №162 маршруттук таксилердин ордуна автобустар кое берилди

Бишкекте №102 жана №162 маршруттук таксилердин ордуна автобустар кое берилди. 102-каттам Тунгуч кичи районунан башталып, Ош базарына чейин барат. Жалпы узундугу 25 чакырымдык линияда коомдук транспорт 10 мүнөт сайын жүрөт.   Ал эми №162-автобус Новопокровка айылынан 12-кичи районго 12 мүнөт сайын каттайт.