Кыргызстанда жыл башынан бери АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 6 сомго кымбаттады

Кыргызстанда жыл башынан бери АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 6 сомго кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдайт. Эгер 2-январда аталган отундун бир литри 65 сомдон сатылса, 1-декабрга карата баалар 71 сом 40 тыйынга жетти.   АИ-92 дагы кымбаттады – 3 сом 30 тыйынга. Ал эми дизель… Кененирээк…

АКШда байбиче оорусунан улам байып алды

АКШда байбиче оорусунан улам байып алды. Тумоолоп калганын сезген аял жакынкы дарыканага жөнөгөн. Дарыдан тышкары, ал бир лотерея билетин дагы сатып алууну чечкен.   Ошол эле жерден коргоочу катмарды сүрүп, 1 миллион доллардын ээси болду. Аял дагы эле бактысына ишенбей турганын жана акчаны кайда жумшай… Кененирээк…

Бишкектин Ак-Босого конушунда медициналык жардам станциясы ачылды

Бишкектин Ак-Босого конушунда медициналык жардам станциясы ачылды.   Мэриянын маалыматына ылайык, имаратта фельдшердик пункт, дары-дармектерди сактоочу жай, диспетчер түйүнү, процедуралык кабинет жана техникалык жайлар каралган.   Тез жардам кызматынын жаңы станциясы Биринчи май жана Свердлов райондорун тейлейт. Курулуш коомдук фонддордун биринин каржылык колдоосу менен жүргүзүлдү.

Кыргызстанда салык декларациясын электрондук түрдө тапшыруу милдеттүү болушу мүмкүн

Кыргызстанда салык декларациясын электрондук түрдө тапшыруу милдеттүү болушу мүмкүн.  2024-жылдын 1-январынан тарта салык отчетун электрондук документ түрүндө милдеттүү берүү талабын киргизүү сунушталууда.   Министрлер кабинетинин тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Мындай өзгөртүүлөр салык процесстерин башкарууну жөнөкөйлөтүү жана коррупцияны азайтууга багытталганы айтылат.   Кыргызстандын салык… Кененирээк…

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын айыл чарба тармагына 40 миллион доллар бөлөт

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын айыл чарба тармагына 40 миллион доллар бөлөт. Анын 20 миллиону грант түрүндө, 20 миллиону насыя катары бериле турганын Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков  билдирди.   Ал тактагандай,  36 миллион логистикалык борборлорун түзүүгө, ага керектүү шаймандарды сатып алуу, технологияларды алып келүү, тамак-аш… Кененирээк…

Бишкек-Ош трассасынын кооптуу делген тилкесине тоннель куруу пландалууда

Бишкек-Ош трассасынын кооптуу делген тилкесине тоннель куруу пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, министрдин орун басары Ырысбек Бариев “Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу” долбоорунун “Бишкек-Ош автожолунда табигый кырсыктардын алдын алуу” компонентинин “Туннелди куруу” кичи компоненти боюнча жүрүп… Кененирээк…

«Дарыгердин депозити» программасы кеңейтилүүдө

Кыргызстанда “Дарыгердин депозити” программасын кеңейтүү каралып жатканын бүгүн 4-декабрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.   Анын айтымында, азыр бул программа аркылуу 175 жаш дарыгердин эмгеги каржыланууда, алардын санын 285ке жеткирүү каралып жатат:   “Окууну… Кененирээк…