Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын айыл чарба тармагына 40 миллион доллар бөлөт

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын айыл чарба тармагына 40 миллион доллар бөлөт. Анын 20 миллиону грант түрүндө, 20 миллиону насыя катары бериле турганын Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков  билдирди.

 

Ал тактагандай,  36 миллион логистикалык борборлорун түзүүгө, ага керектүү шаймандарды сатып алуу, технологияларды алып келүү, тамак-аш коопсуздук стандарттарын киргизүүгө сарпталат.

 

Калган 4 миллион доллар долбоорду ишке ашырууга эксперттерди жалдоого, окутууга, келишимдерди түзүүгө багытталат. Долбоор 2024-жылдан баштап 2028-жылга чейин ишке ашырылат.