Кыргызстанда салык декларациясын электрондук түрдө тапшыруу милдеттүү болушу мүмкүн

Кыргызстанда салык декларациясын электрондук түрдө тапшыруу милдеттүү болушу мүмкүн.  2024-жылдын 1-январынан тарта салык отчетун электрондук документ түрүндө милдеттүү берүү талабын киргизүү сунушталууда.

 

Министрлер кабинетинин тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Мындай өзгөртүүлөр салык процесстерин башкарууну жөнөкөйлөтүү жана коррупцияны азайтууга багытталганы айтылат.

 

Кыргызстандын салык мыйзамдарына ылайык, жеке жактар ​​үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу милдети жылда бир жолу каралат.