«Дарыгердин депозити» программасы кеңейтилүүдө

Кыргызстанда “Дарыгердин депозити” программасын кеңейтүү каралып жатканын бүгүн 4-декабрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

 

Анын айтымында, азыр бул программа аркылуу 175 жаш дарыгердин эмгеги каржыланууда, алардын санын 285ке жеткирүү каралып жатат:

 

“Окууну жаңы бүткөн 175 дарыгер “дарыгердин депозитин” алып жатат. Өзүнүн айлыгы 12-15 миң сом болсо, депозит үчүн дагы 15 миң сом кошулат. Ошондо 30-32 миң сом болуп жатат. Аймактарда азыр дарыгер жетишпейт. “Дарыгердин депозитин” 285ке көбөйтүп жатабыз. Окууну жаңы бүткөн дарыгерлерди аймактарга келишим менен жөнөтүүдөбүз. Жергиликтүү мекемелер, ар бир аким, губернатор менен аларга шарт түзүп берүү тууралуу сүйлөшүп жатабыз”.

Министрдин айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда мамлекеттик медицина мекемелеринде 1700 дарыгер жетишпей, бул көйгөй айрыкча аймактарда курч.

“Дарыгердин депозити” программасы 2007-жылы кабыл алынган.