Министрлер кабинети тууну өзгөртүүгө макулдугун берди

Министрлер кабинети тууну өзгөртүүгө макулдугун берди. Өкмөттүн корутундусунда туунун долбоорунда так эместиктер болгону белгиленип, аны оңдоо сунушталган. Документте жазылгандай, 1992-жылкы үлгүдөгү мамлекеттик желектин сүрөтү түшүрүлгөн бардык расмий документтер мөөнөтү аяктаганга чейин жарактуу болот.   Ошондой эле автоунаалардын номерлери, унааны каттоо күбөлүгү аларды алмаштыруу боюнча тийиштүү… Кененирээк…

Жер бетиндеги эң кары жаныбар 191 жашта

Жер бетиндеги эң кары жаныбар 191 жашта. Аны Гиннес рекорддор китебине катташты. Рекордчунун аты Джонатан, ал Сейшел аралдарында жашаган ири таш бака. Адатта жаныбарлардын бул түрү 150 жыл жашайт, бирок Джонатан бардык рекорддорду жаңылады.   Ал дүйнө жүзүндөгү бардык тирүү организмдерден узак жашады. Болжол менен… Кененирээк…

Украиналык окумуштуулар картөшкөнүн жаңы сортун чыгарышты

Украиналык окумуштуулар картөшкөнүн жаңы сортун чыгарышты. Ал “солоха” аалышына ээ болду. Өсүмдүктүн өзгөчөлүгү анын ичи дагы, сырты дагы ачык сыя түстө болгонунда.   “Солоха” технологиялык сыноодон өтүп, белгилүү чипсы чыгаруучу компания андан сыя чипсыларды чыгарууга даярдык көрүп жатканы маалым болду.

11-декабрдан тарта Бишкекте аба табы кескин сууктайт

11-декабрдан тарта Бишкекте аба табы кескин сууктайт. Синоптиктердин айтымында, күндүз -8 градуска чейин, ал эми түнкүсүн -15…20 градуска чейин суук болот.   Ордо калаа бийлиги жарандарды көмүрдү эртелеп камдап коюуга чакырат.   Учурда кара отун бардык көмүр базаларында жеткиликтүү. Жергиликтүү көмүр тоннасына 4 миң 700… Кененирээк…

Талас облусунун Айтматов районунда 8 жылдан бери курулуп жаткан мектеп колдонууга берилди

Талас облусунун Айтматов районунда 8 жылдан бери курулуп жаткан мектеп колдонууга берилди.   Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, Ак-Жар айылындагы билим берүү имаратынын курулушу 2015-жылы башталган.   Мектеп 225 окуучуга чакталат. Жалпы аянты 2,5 миң чарчы метрди түзгөн имараттын курулушуна каражат мамлекеттик бюджеттен… Кененирээк…

Кыргызстан менен Тажикстан мамлекеттик чек аранын дагы 24 чакырымын тактады

Кыргызстан менен Тажикстан мамлекеттик чек аранын дагы 24 чакырымын тактады.   Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, 29-ноябрдан 5-декабрга чейин Согди облусунун Бустон шаарында эки өлкөнүн кыргыз-тажик чек арасынын делимитация жана демаркациясы боюнча топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү.   Анын жыйынтыгы менен чек аранын 24 чакырымы… Кененирээк…

Россия президенти Владимир Путин жыл адамы наамына талапкерлердин тизмесине кирди

Россия президенти Владимир Путин жыл адамы наамына талапкерлердин тизмесине кирди. Америкалык “Таймс” басылмасынын рейтингинин кыска тизмесинде 9 адам бар. Жеңүүчүнүн ысымы эртең, 6-декабрда жарыяланат.   Талапкерлердин арасында үчүнчү ирет Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, Голливуддун каршылык акциясына чыккан сценаристтери жана актерлору, рекорддук киреше тапкан ырчы Тейлор… Кененирээк…

Кыргызстанга Россиядан жардам иретинде 800 тоннадан ашык азык-түлүк келди

Кыргызстанга Россиядан жардам иретинде 800 тоннадан ашык азык-түлүк келди. Маалыматка ылайык, байытылган ун жана өсүмдүк майы 18 миң 300 аз камсыз үй-бүлөгө бөлүштүрүлөт.   Алар Ош шаарындагы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагындагы ар кандай долбоорлоруна катышкан жарандар.

Ат-Башы районунда Маданият үйү оңдолду

Ат-Башы районунда Маданият үйү оңдолду.   Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришкендей, объектте чатыр, дубалдар, эшиктер жана терезелер жаңыртылды. Андан тышкары, жылуулук системасы менен эмеректер алмашты.   Иштер толугу менен ушул айдын аягында жыйынтыкталат. Белгилеп кетсек, аталган Маданият үйү 32 жыл мурда курулуп, андан бери бир дагы… Кененирээк…

Климат өзгөргөнүнө байланыштуу Бишкекте жана Чүй облусунда кыш 24 күнгө кыскарды

Климат өзгөргөнүнө байланыштуу Бишкекте жана Чүй облусунда кыш 24 күнгө кыскарды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын президенти Канат Абдрахматов Геология институтуна шилтеме келтирип билдирди.   Ал белгилегендей, “Бишкек” метеостанциясынын маалыматы боюнча кыштын узактыгы 95 күндөн 71ге кыскарды, ал эми жаз 3 күнгө узарды.   Жай… Кененирээк…