Бишкектин Ак-Босого конушунда медициналык жардам станциясы ачылды.
Мэриянын маалыматына ылайык, имаратта фельдшердик пункт, дары-дармектерди сактоочу жай, диспетчер түйүнү, процедуралык кабинет жана техникалык жайлар каралган.
Тез жардам кызматынын жаңы станциясы Биринчи май жана Свердлов райондорун тейлейт. Курулуш коомдук фонддордун биринин каржылык колдоосу менен жүргүзүлдү.