Кыргызстандыктар салыктарды эми онлайн режимде төлөй алат

Кыргызстандыктар салыктарды эми онлайн режимде төлөй алат. Мамлекеттик салык кызматы Salyk.kg тиркемесин ишке киргизди.

 

Ал аркылуу “Жеке кабинетте” каттоодон өткөн жарандар салыктарды төлөп, электрондук патент же камсыздандыру полисин каттап, электрондук товар-коштомо кагаздарын алып, нөлдүк көрсөткүчтөр менен отчет тапшырып, керектүү салык органдарынан маалымкаттарды ала алса болот.

 

Тиркеме мамлекеттик башкарууну санариптештирүүнүн алкагында иштелип чыкты.