Кыргызстанда эртең суук түшөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 7-декабрда өлкөнүн басымдуу аймагында кар жаайт.
Аба табы кескин төмөндөйт, шамалдын ылдамдыгы айрым райондордо секундасына 22 метрге чейин жетиши мүмкүн.
Аба-ырайынын мындай шарттары транспорт, байланыш, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин татаалдантат.