Чет өлкөлөрдө Кыргызстандын 1400 жараны абакта жатат

Кыргызстандын 1418 жараны чет мамлекеттерде сот жообуна тартылып, жазасын өтөөдө. Алардын ичинен 1167 адам Россияда, 83 киши Казакстанда, Иракта 41, Түркияда 30, Өзбекстанда 22 киши абакта жатат.

 

Калгандары Кытайда, Бириккен Араб Эмиратында, Беларуста, Литвада, Италияда, Германияда жана Грузияда кармалууда.

Бул тууралуу башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева 6-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Ал Кыргызстанга которулуп жазасын мекениндеги түрмөлөрдө өтөөнү каалагандар өзү же алардын жакындары Башкы прокуратурага арыз жазышы керек экенин айтты.

 

Орусияда абакка кесилгендердин көбү баңгизат ишине байланыштуу айыпталгандар. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Орусияда мыйзамсыз маңзат ташуу боюнча 2020-жылы 191, 2021-жылы 324, 2022-жылы 614 кыргыз жараны абакка кесилген.