Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандар көбөйүүдө

Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандар көбөйүүдө. Бул тууралуу “Азаттык” Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине таянып жазды.

 

Маалыматка ылайык, соңку бир аптада дарыгерге кайрылгандардын саны 11 миң 575 адамга жетти. Бул ага чейинки жумага салыштырмалуу 43 пайызга көп. Бирок өткөн жылдын ушул мезгилине караганда төрт эсе аз экени белгиленди.

 

Сасык тумоонун алдын алуу үчүн бет кап режимин сактоо сунушталат.