Милиция элди чөнтөк ууруларынан сак болууга чакырат

Милиция элди чөнтөк ууруларынан сак болууга чакырат. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, жаңы жылдык майрамдардын алдында чөнтөк уурулары көбөйөт.

 

Өзгөчө коомдук транспортто этият болуу зарыл. Капчык, телефон жана башка баалуу буюмдарды сырткы чөнтөккө салбаш керек.