Инфодокс аркылуу мамлекет 380 млн сомдон ашык каражат үнөмдөдү

Инфодокс электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу мамлекет 380 миллион сомдон ашык каражат үнөмдөдү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева билдирди.   Анын айтымында, ушул жылдын жыйынтыгы боюнча системада 12 миллиондон ашык документ жана 120 миңге жакын катталуучу бар.   Системаны 2 миң уюм колдонот.

Кыргызстанда 48 мамлекеттик дарыкана иштеп жатат

Кыргызстанда 48 мамлекеттик дарыкана иштеп жатат. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, алар ооруканаларда жана поликлиникаларда жайгашкан.   Андагы дары-дармектер жеке дарыканаларга караганда 10-15 пайызга арзан.   Препараттардын ассортиментин 2 миңге чейин көбөйтүү убадаланууда.

Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча 34 субъект газдаштырууга насыя алды

Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча 34 субъект газдаштырууга насыя алды. 14-декабрга карата маалыматты Каржы министрлиги бөлүштү.   Берилген каражаттардын жалпы суммасы 4 миллион сомдон ашты.   Ведомство “Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштырууну жеңилдетилген каржылоо”долбоору быйыл башталганын эске салат.

Кыргызстанда соңку үч жылда 60 өнөр жай ишканасы ачылды

Кыргызстанда соңку үч жылда 60 өнөр жай ишканасы ачылды. Экономика министри Данияр Амангелдиевдин айтымында, объекттерге тартылган инвестиция дээрлик 1 миллиард долларды түздү.   Жаңы ишканалар тигүү, энергетика, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, курулуш материалдары жана фармацевтика сыяктуу тармактарда пайда болду.   Белгиленгендей, алар 77 миңдей… Кененирээк…

Бишкекти жана Чүй облусун коюу туман каптады

Бишкекти жана Чүй облусун коюу туман каптады. Буга байланыштуу жолдордо көрүү кескин начарлады. Айдоочуларга этият болуп, жол эрежесин бузбай, унаалар ортосундагы тиешелүү аралыкты сактап жүрүү сунушталат.   Синоптиктер белгилешкендей, кечкиге чейин абал мындан дагы начарлайт.

Баткен облусунда 300дөн ашык ишкер жеңилдетилген насыя алды

Баткен облусунда 300дөн ашык ишкер жеңилдетилген насыя алды. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, каражат “Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо — 2” долбоорунун алкагында берилген.   Жалпы суммасы 290 миллион сомдон ашат. Ведомстводон эске салышкандай, программа ушул жылы Баткен облусун өнүктүрүү жана жеке ишкерлерди колдоо максатында ишке кирди.

Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жол курулат

Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жол курулат. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Өлкө башчынын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, соңку жылдары Бишкек – Ош жолунда жана анын Өзгөн аркылуу өткөн тилкесинде ашыра жүк келүү катталууда.   Андыктан, айланма жолду куруу зарылчылыгы келип чыккан. Долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк… Кененирээк…

Жогорку Кеңеш мамлекеттик тууну  өзгөртүү мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз чукул кабыл алды

Жогорку Кеңеш мамлекеттик тууну  өзгөртүү мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз чукул кабыл алды. Документти 59 депутат колдоп, беш депутат каршы чыкты.   Белгилеп кетсек, Садыр Жапаров Элдик курултайда тууга өзгөртүү киргизүү демилгеси ага таандык экенин, мыйзам долбоорун жазуу сунушун спикер Нурланбек Шакиевге… Кененирээк…

Пакистанда биринчи жолу жасалма жаан колдонулду

Пакистанда биринчи жолу жасалма жаан колдонулду. Атайын жабдылган учактар Лахордун 10 районун учуп өттү.   Белгилеп  кетүүчү нерсе, Лахор дүйнөдөгү абасы булганган шаарлардын сап башында турат.   Эми адистер жасалма жаандын натыйжалуулугун текшерип жатат. Бириккен араб эмираттарында жасалма жол менен жамгыр жаадыруу системасы аптаптуу ысык… Кененирээк…

WhatsApp мессенджеринде чаттарды иргөө функциясы пайда болот

WhatsApp мессенджеринде чаттарды иргөө функциясы пайда болот.   Ал диалогдорду “Окула элек”, “Контактылар” жана “Тайпалар” деп бөлүп көрсөтүп, чаттардын жогору жагында жайгашат. Идея демилгечилердин пикиринде, жаңычылдык диалогдорду иреттөөгө жана белгилүү бир чатты ыкчам таап, аны ачууга мүмкүнчүлүк берет.   Функция жакында бардык колдонуучуларга жеткиликтүү болот.