Туристтик объектилерди кургандар салыктан бошотулушу мүмкүн

Кыргызстанда туристтик объектилерди, мейманканаларды курган ишкерлерди 5 жылга салыктан бошотуу каралууда. Бул тууралуу Экономика министри Данияр Амангелдиев билдирди.

 

Мындан тышкары аларга «артыкчылыктуу мамлекеттик долбоор» макамы берилип, бажы төлөмдөрүнөн да бошотуу аракети көрүлүүдө.

 

Эске салсак, быйыл тогуз айда Кыргызстанга 6 млн турист келгенин Туризм департаменти билдирген.